12:11, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги «Достук» мейманканасына инвестор 25 миллион доллар жумшайт. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Райымбеков билдирди.
Анын айтымында, мейманкананын 36 пайызы мамлекетке, 54 пайызы профсоюздарга тиешелүү.
«Биз мейманкананын жаңы жетекчилиги менен бир катар иштерди жүргүздүк. Ал жерде баш аламан экен. Мейманканада 57 ижарачы болгон. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жайды бошотуп беришти. Имарат инвесторго өткөрүлүп берилген. Курулуш учурунда ал айына 40 миң доллар, ал эми мейманкана ачылгандан кийин айына 100 миң долларга чейин ижара акысын төлөйт», — дейт Алмаз Райымбеков.
Мындан тышкары, ал белгилегендей, «Саякат» мейманканасы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансында турганда айына 1500 долларга ижарага берилген. Иш аяктагандан кийин инвесторлор да имаратты реконструкциялоого 15 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатышат.