11:33, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге өстү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен билдирди.
Белгиленгендей, өсүү вирустук гепатит А оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу. Көрсөтүлгөн мезгилде 17 миң 902 учур катталган. 2023-жылы ушул эле мезгилде 6 637 учур катталган. Эң көп оору Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында аныкталган.
Жаңыдан аныкталган өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандардын саны 14,7 пайызга өскөн. Өткөн жылы 9823 учур катталган (2023-жылы — 8416). Эң көп оору Баткен, Нарын, Ош жана Чүй облустарында катталган.
Вирустук гепатит — гепатиттин вирустарынан келип чыккан курч жана өнөкөт вирустук боор ооруларынын тобу. Бул вирустар боордун сезгенүүсүн шарттайт, анын натыйжасы же толук айыгып кетүү же фиброз (цирроз), гепатоцеллюлярдык рак (боордун рагы) жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.