10:56, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg
«Манас» аэропортунан граната табылган, бирок ал оюнчук болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бир күн мурун, 9-январь күнү саат 19:42 чамасында «Манас» аэропортунун имаратын патрулдукка алуу учурунда милиция кызматкерлери жана «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан «DOPPIO» кафесинин арткы жагында курулуш материалдарынын арасынан гранатага окшош шектүү буюм табылган.
Окуя болгон жерге Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан жана Сокулук РИИБден ыкчам-тергөө тобу барышып, аэропорттун аймагы курчоого алынып, бардык жарандар эвакуацияланган. Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сапёрлор тобу иш алып барышкан. Табылган граната оюнчук болуп чыкты.
Учурда «Манас» аэропортундагы видеокамералар оюнчук гранатаны орноткон кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо үчүн текшерилүүдө.