08:30, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg
Германиянын Дүйнөлүк Калк Фондунун (Deutsche Stiftung Weltbevölkerung, DSW) маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата жер шарынын калкы 81,6 миллион адамга көбөйүп, 8,156 миллиардга жеткен.
Учурда калктын табигый өсүү темпи жылына 0,9 пайызды түзөт.
Фонддун маалыматтарына ылайык, калктын негизги өсүшү Африка континентинде болуп жатат. Ал жактагы калктын саны жакынкы эки он жылдыкта эки эсеге көбөйүшү күтүлүүдө.
Үзгүлтүксүз өсүшкө карабастан, калктын санынын өсүү темпи төрөлүүнүн төмөндөшүнө байланыштуу басаңдоодо. Дүйнөдө орточо эсеп менен бир аялга 2,2 бала туура келет.
Жердин калкынын саны 2080-жылдардын орто ченинде 10 миллиард кишиге жетет деп күтүлүүдө. Андан кийин төрөттүн азайышы жана өлүмдүн көбөйүшү дүйнө калкынын карып, планетадагы адамдардын санынын азайышына алып келет деп болжолдонууда.