10-январга карата аба ырайы

18:27, 09 января 2025, Бишкек - 24.kg

10-январда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −8...-13, күндүз 3...8

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −8...-13, күндүз 3...8

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз 4...9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −7...-12, күндүз 0...5

Нарын облусунда түнкүсүн −16...-21, күндүз −2...-7

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −8...-10°, күндүз 3...5° болот.