Пайдалуу кеңештер: Тамактын алдында бир стакан суу ичүү керек

12:44, 09 января 2025, Бишкек - 24.kg

Тамактанаардын алдында суу ичүү керекпи деген талаш көп жылдардан бери уланып келет. Бул маселеге дарыгер Александр Мясников чекит койду.

«Россия 1» каналындагы «Эң негизгиси» программасында дарыгер тамактын алдында суу сиңирүүнү жакшыртууга жардам берерин белгиледи. Жапондор муну көп кылымдар бою жасап келишет. Жыйынтыгы мыкты.

Кептин төркүнү, тамак оозго киргенде шилекейге чыланган тамак-ашта тыгылма болот. Азыртадан эле ооз көңдөйүндө тамак сиңирүү ферменттеринин өндүрүшү башталат. Процессти тездетүү үчүн бир стакан жылуу суу ичүү керек.

«Бул шорподогудай — адегенде ашказандагы кислотаны суюлтат, бирок барган сайын өт жана уйку безинин ширесин, бул тамак сиңирүү ферменттерин тууралай баштайт», — деп белгиледи адис.