Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши жаңыланды

10:41, 09 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы директорлор кеңешинин курамын жаңылады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, Улан Асанов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулду. Анын ыйгарым укуктары 2024-жылдын 24-декабрында токтотулган.

Бул кызматка акционердин чечими менен А.Р.Эгембердиев дайындалды. Мамлекеттик банктын башкармасынын жаңы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылга белгиленет.