10:33, 09 января 2025, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунда беш кыргоолду мыйзамсыз аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биологиялык ресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй мергенчилер коомунун кароолчулары менен биргеликте мыйзамсыз аңчылык күчөгөн маалда браконьерликтин алдын алуу максатында рейддерди өткөрүшкөн.
Ведомстводон билдиришкендей, аңчылык жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатында мыйзамдарды бузган бир нече браконьерлер кармалды. Мыйзамсыз атылган беш кыргоол табылды. Бул аңчылык эрежелерин одоно бузуу болуп саналат. Кылмышкерлерге мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн жана Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси «Аңчылык кылуунун эрежелерин бузуу» боюнча протоколдор түзүлдү. Браконьерлерге 50 миң сом айып салынып, экосистемага келтирилген зыян үчүн 25 миң сом компенсация төлөп берүүгө да милдеттендирилди.