Унаа ээлеринин эсине! Кыргызстанда транспорт салыгы жоюлду

15:09, 08 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда азыр унааларга салык жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына билдирди.

Өлкө башчысы автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун жазган.

«Бул чечим «Жол фонду жөнүндө» мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады.

2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим.

Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик (2022-жылдын 1-январына чейинки салыктар текшерилбейт).

ЭТТН боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бир айдын ичинде сунуш менен келишет.

Мындан сырткары, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторийди 2030-жылга чейин узарттым. 2030-жылга чейин дыйкандарга сугат суу маселесин чечип бүтөбүз, БСР, БДРларды курабыз, каналдарды толук тазалап, керектүү жерлерге жаңыларын куруп беребиз.

Кыскасы дыйкандарга суу маселесин чечип беребиз. Ошондон кийин анан жер салыкты кайра жандандырабыз.

Бирок, урматтуу мекендештер бир нерсени эсиңиздерге сала кетейин.

Салыктардын эсебинен мамлекет кармалып турат жана күчтүү болот. Эмгек акылар, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды экенин унутпаңыздар.

Салык төлөбөй жүрө берсек кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө бул ар бир жарандын ыйык милдети.

Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат. Ошондуктан бизде да салык ыйык болуш керек. Мындан ары салыктарды өз убагында төлөп туруңуздар», — деп жазды Жапаров.