11:31, 08 января 2025, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Совет айылына бала бакча курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка ылайык, тендерди Мамкурулушка караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Тендердин пландалган суммасы 81 млн 409 миң 282 сомду түзөт, табыштамаларды 22-январга чейин берүү зарыл.
Бала бакча 100 орунга ылайыкталган.