Кыргызстан менен Өзбекстан ишкерлер кеңешин түзүүнү көздөөдө

10:09, 30 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын алдында Ишкерлер кеңешин түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Фото Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Элчибек Жантаева Өзбекстандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Саидикомил Ниязходжаев менен жолугушту.

Тараптар ошондой эле өнөр жай кооперациясын, чек ара соодасын өнүктүрүү жана эркин экономикалык аймакты түзүү, «бир тур — эки өлкө» принциби боюнча туризмди өнүктүрүү, ошондой эле университеттер жана жаштар ортосундагы гуманитардык кызматташтык темаларын талкуулашты.