Жапаров Корея президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты

09:26, 30 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Boeing 737 жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«2024-жылдын 29-декабрында Кореянын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.