Мамакеев Мамбет Мамакеевичтин жаркын элесине. Арабыздан кеткенине кырк күн болот

10:05, 28 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Фото
Урматтуу мекендештер, достор жана кесиптештер!

Мамбет Мамакеевич Мамакеев кырк күндөн бери арабызда жок. Бүгүн Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери, кыргыз элинин, мамлекетибиздин медицинасынын, саламаттыкты сактоосунун, илим жана медициналык билим берүүсүнүн патриархы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, «Манас» орденинин толук кавалери, Улуттук хирургия борборунун негиздөөчүсү жана ардактуу директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген дарыгери жана илимине Эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамакеев Мамбет Мамакеевич бул жалган дүйнөнү, ата-мекендик медицинанын, илимдин, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун акыркы дөө-шаасынын образын чагылдырган Улуу адам, легендардуу тарыхий инсан таштап кетти. Кыргыз тарыхынын негиз салуучуларынын бири, көрүнүктүү окумуштуу, Гиннес рекорддор китебине кирген дүйнөгө белгилүү рекордсмен хирургдун көзү өттү. Кырк миӊ пациенттин өмүрүн сактап калуу менен эмгекти сүйүүнү даӊазалаган чыныгы феномен, Улуу адам бизди таштап кетти. Келгиле, өзүбүзгө суроо берип көрөлү: ат көтөргүс улуу эмгектин контекстинде бул эмнени билдирет? Бул кырк миӊ пациенттер өлүмгө моюн сунуп, келечектен үмүтүн үзүп койгон кезде ушул кырк миӊ пациентке «алтын колдуу» бир хирургдун аракетинин натыйжасында келечектеги үмүттүн шооласы жанып, жашоого кайрадан жаӊы тилектер менен кайтып келишти. Кырк миӊ! Түбөлүктүүлүктүн көз карашы менен караганда, бул М.М. Мамакеевдин эл алдында унутулгус төө көтөргүс жасаган эмгеги.

Мамлекет, кыргыз эли, профессионалдуу медициналык коомчулук бул инсанды акыркы сапарга узатып жатып жана анын экинчи өмүрүнүн башталганын моюнга алуу менен бул адамдын кадыр-баркын кайрадан башкача түшүнүп жатышат. Бул жалган дүйнөнү — мекенине, элине, илимге жана билимге бүт өмүрүн арнап, жүрөгүнүн акыркы согушуна чейин милдетине чын жүрөгү менен берилген Улуу устат, таштап кетти. Миӊдеген пациенттерддин ооруусун, азабын ичине батырып, аларга үмүт, келечек тартуулаган асыл жүрөк сокпой калды. Ал, албетте кудай даарыган көрүнүктүү хирург болгон. Хирургия анын негизги иши, жашоо жолу жана чыгармачылыгы болгон.

Азыр Устатыбыздын биз менен чогуу эмес экендигин сезүү биз үчүн оор. Анын өлкөгө убакыт менен мезгил өчүрө албаган эбегейсиз жана көп кырдуу мурас калтырып кеткени бизди сооротот. Ушул багытта алып караганда бул инсандын иши, эмгеги сөзсүс уланат жана бул анын изи өчпөгөнүнүн далили болот. Эми М.М.Мамакеевдин экинчи өмүрү башталды — бул биздин алга умтулууларыбыздын жана ишмердүүлүгүбүздүн предмети жана объектиси. Бир мезгилде атактуу философтордун бири мындай деген: «Көпчүлүк адамдар жашоого келбей туруп өлүшөт, ал эми кээ бир адамдар өлгөндөн кийин да жашай беришет». Албетте, бул сөз түздөн-түз ушул адамга тиешелүү — легендарлуу адамга, көрүнүктүү окумуштууга, таланттуу хирургга, хирургиялык кызматтын жана кадрларды даярдоонун таланттуу уюштуруучусуна. Ал 97 жашында да дүйнөлүк масштабдагы зор хирургдун профессионалдык формасын сактап калган.

Анын өмүрү жана эмгеги төмөнкү сөздүн чын-төгүнүн тастыктайт «Адамга жана анын ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн эң так жана ишенимдүү жолу — бул тарыхый мезгил». 95 жашында аны дүйнөлүк рекордчу катары таанышкан. Дал ошол 70 жылдык хирургиялык ишмердүүлүгү үчүн ал Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ошол үчүн бул эмгекти чын дилден сүйүүнүн символу.

Биз, жалпы маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Президенттик администрациянын кызматкерлерине, көңүл буруп, жардам жана колдоо көрсөткөн бардык кайрымдуу адамдарга клиниканын кызматкерлери жана Устаттын окуучулары аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында жана эскерүү жөрөлгөсүндө өздөрүнүн жеке катышуусу менен бул адамга акыркы сый-урмат көрсөткөндөрү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришет. Биз үчүн, тактап айтканда анын окуучулары, жамааты, кафедрасы жана хирургиялык коомчулук, ошондой эле ата-мекендик медицина, саламаттыкты сактоо, кыргыз эли, мамлекет үчүн орду толгус чоӊ жоготуу. Ал биздин — анын шакирттеринин жүрөгүндө жана аң-сезиминде түбөлүктүү сакталып кала турганы үчүн өзүбүздү сооротобуз. Биз анын кадыр-баркын түшүрбөй, туусун бийик кармайбыз деп убада беребиз. Мамбет Мамакеевичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз силердин кайгыӊарды теӊ бөлушөбүз. Бүгүн атабызга куран түшүрүп жатабыз, агайыбыздын жаткан жери жай, топурагы торко болсун, дөөлөтүӊүз элиӊизге тийсин, арбагыӊыз колдоп жүрсүн. Куран кабыл болсун!

Академик М.М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун жамааты, академик М.М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык коомдун мүчөлөрү, академик М.М.Мамакеев атындагы госпиталдык хирургия кафедрасы, академик М.М.Мамакеевдин илимий мектеби, Кыргыз Республикасынын дарыгерлеринин ассоциациясы