USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

15:46, 27 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы «Симирам» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Атайын кызмат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо(адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 4679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 млрд 84 млн 657 миң сомду түзгөн "Симирам" эс алуу борбору кайтарымсыз негизде КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика