18:04, 26 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 6,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди.
Ал белгилегендей, инфляциянын деңгээли жөнгө салуучу тарабынан белгиленген максаттуу маанилердин чегинде калууда. Улуттук банк 2025-жылы инфляция 5-7 пайызды түзөт деп болжолдоодо.
Анын динамикасы 2024-жыл ичинде болжолдонгондон ашпай, туруктуу деңгээлде сакталган. Буга инфляцияны кармап турууга мүмкүндүк берген тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү өбөлгө түздү.
Улуттук банктын божомолуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин инфляция 6,5 пайыздан ашпайт.