Кыргызстанда жылына кыргыз тилинде төрт мультфильм чыгарылат

17:34, 25 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жылына кыргыз тилинде төрт мультфильм чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, көпчүлүк жаш муундарга эне тилин үйрөтүүнү талап кылууда.

Мелис Мураталиевдин айтымында, аталган башкармалык мамлекеттик программанын алкагында дүйнөдөгү эң мыкты анимациялык тасмаларды мамлекеттик тилге которууда.

«Мындан тышкары жылына төрт мультфильм чыгарабыз. Быйыл алардын экөөсү — былтыркы балдар үчүн «Сыкырдуу калем» жана «Козулар» анимациялык сериалынын уландысы да чыгарылды. Дагы эки жаңысы — «Жаңыл Мырза» жана «Билгичтер», — деди ал.

Мелис Мураталиев продюсердик студиялар менен келерки жылга келишимдер түзүлгөнүн баса белгиледи.