12:36, 25 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Быйылкы жыл ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 230 объекттин курулушу жана оңдоо иштери бүткөрүлгөн. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди.
2024-жылга бекитилген социалдык-маданий объектилердин тизмесине ылайык, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 25,4 миллиард сом бөлүнгөн, анын 11,6 миллиарды учурдагы каржылоого бөлүнгөн.
Жыл ичинде 230 объектинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктады, анын ичинде:
100 мектеп,
45 бала бакча,
16 саламаттыкты сактоо мекемелери,
9 маданий жай,
16 спорт комплекси,
12 турак-жай,
22 суу менен камсыздоо объектилери,
10 башка объект.
Курулушту тездетүү үчүн «Кыргыз курулуш» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, анын аркасында курулуш мурункудай алты айда эмес, бир айдын ичинде башталат. Алсак, Д.Өмүрзаков атындагы стадион 70 күндө оңдолуп бүтүп, Каракол шаарындагы стадиондо иштер кызуу уланууда.