11:28, 25 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов министрлер кабинетинен Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин баасын көзөмөлгө алууну суранды.
«Бир бөлмөлүү батирлер 30–40 миң сомдон, эки бөлмөлүү батирлер 50–60 миң сомдон ижарага берилет. Андан сырткары үй ээлери 2-3 айга алдын ала төлөп берүүнү суранышат. Студенттерге турак жайды ижарага алуу кыйын», — деди депутат.
Ал кошумчалагандай, үй ээлери балалуу үй-бүлөлөргө ижарага бербейт.