Депутат: «Кыргызстандыктар электр энергиясын өчүрүү графигин сурап жатышат»

11:07, 25 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Энергетика министрлиги муну четке какканы менен электр жарыгын өчүрүүлөр дагы эле болуп жатканын айтты.

Анын айтымында, аймактардын жашоочулары буга даяр болушу үчүн өчүрүүлөрдүн графигин берүү өтүнүчү менен кайрылып жатышат.

«Бишкектин Октябрь районунда Улан-2 кичи району эки күндөн бери электр жарыгы жок калды. Бул ушундай суук аба ырайында болуп жатат. Жаңы жыл күнү электр энергиясы өчүрүлбөйт деп кечээ окудум. Бирок өчүрүүлөр болуп жаткан убакытка график бериш керек», — деди депутат.