07:35
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

«Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы президенттин администрациясына өттү

Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы президенттин администрациясына өттү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинети кол койду.

Буга чейин ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагында болчу.

Влад Ушаков
Фото Влад Ушаков. "Каракол" жаратылыш паркы

Документте айтылгандай, чечим экономиканын тармактарын мындан ары өнүктүрүү, көзөмөлдөө системасын күчөтүү жана мекеменин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин учурдагы штаттык бирдиктин максималдуу дењгээли, эмгекке акы төлөөнүн учурдагы шарттары жана мүлктүк комплекс менен президенттин иш башкаруусуна өткөрүп бериши керек.

Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу административдик районунун түштүк-батышында жайгашкан.

Бул жерден Кызыл китепке кирген ак илбирс, шумкар, бүркүт жана башка жапайы жаныбарлар кездешет.

Парк 1997-жылы өзгөчө экологиялык баалуулукка ээ болгон уникалдуу жаратылыш комплекстерин, токойлорду, флораны жана фаунаны сактоо максатында түзүлгөн.

Табигый паркта өсүмдүктөрдүн 300дөн ашык түрү өсөт, анын 7 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине кирген. Бул жерде сүт эмүүчүлөрдүн 40тан ашык түрү жана канаттуулардын 100дөн ашык түрү жашайт.

Каракол жаратылыш паркынын жалпы аянты 38 миң гектардан ашык.

Эң көп окулган жаңылыктар