Борбор калааны оңдоо, жаңыртуу демилгесин мэр Айбек Жунушалиев колдоду

15:41, 24 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бир күн мурун, 23-декабрда парламенттин бюджет комитетинин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев оңдоп-түзөө демилгесин колдогон.

Анын айтымында, эски үйлөрдү оңдоого көп каражат жумшалат.

«Ошондуктан оңдоо иштери болушу керек. Мен Мамкурулуштун саясатын колдойм. Алар, албетте, өз демилгесин түшүндүрүштү. Мунун баары батир ээсинин макулдугу менен болгон. Ошондон кийин гана бир нерсе кылуу керек», — деди борбор калаанын муниципалитетинин башчысы.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев оңдоо иштерине каршы чыкты.

«Мен сиздин пикириңизге кошулбайм. Бишкекке жаңы үй салуу туура эмес. Эгерде бекер жер болсо Ысык-Атадан же Сокулуктан бергиле. Ошол жерге куруп беришсин. Алар борбордогу тыгындарды көбөйткүсү келеби? Үч кабаттуу имараттар бузулса, анын ордуна көп кабаттуу үйлөр салынып, калкы үч эсе көбөйөт. Алар тыгындарды жаратат. Сизден суранам, ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук бербеңиз. Анткени, ЖЭБдин кубаттуулугу жетпейт. Бишкек резина эмес», — деди ал.

Шаар башчысы шаар четинен жаңы жерлерди берүүгө борбор шаар мэриясы даяр деп жооп берди.