Бишкекте эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турак-жай Свердлов районунун ГЭС-2 айылында жайгашкан. Өрттүн аянты 130 чарчы метрди түзгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, өрт саат 11:40да толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.