10:34, 24 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын эки орун басарын ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен. Анын ордун Садыр Жапаров бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошоткон Абдикарим Алимбаев ээледи.
Мамлекет башчы ошондой эле УКМКнын төрагасынын орун басары, Антитеррордук борбордун директору Айбек Шаменовду ээлеген кызматынан бошотту. Ал дароо эле Абдикарим Алимбаевдин ордуна президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.