09:41, 24 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштады.
Борбор калаа башчысы бюджет трансферттерсиз 23,3 млрд сомду түзөрүн белгиледи.
Жалпы сумманын ичинен салыктык түшүүлөр 17,6 млрд сом, салыктык эмес кирешелер — 3,1 млрд, активдер жана милдеттенмелерден түшкөн кирешелер — 2 млрд сом пландалууда.
Айбек Жунушалиевдин айтымында, 2024-жылга шаардын бюджети болжолдуу түрдө 32,5 миллиард сомду түзсө, анын 868 миллиону административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке жаңы райондорду кошуудан түшкөн.