17:30, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
«Тамга-Каракол» жана «Кемин-Торугарт» долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы кубаттуу көмөк чордондорду курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Мындан тышкары, ал республика боюнча күн жана шамалдан алынуучу жаңы электр станцияларынын курулушу башталып жатканын кошумчалады. Инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлдү.
Мамлекет башчысы ошондой эле CASA-1000 долбоорунун алкагында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн көмөкчордондордун жана линиялардын курулушу аяктаганын белгиледи.
Эске сала кетсек, 2023-жылы Кытайга электр энергиясын экспорттоо жана 500 киловольттук «Кыргызстан — Кытай» электр линиясын куруу боюнча ниет меморандумдарына кол коюлган.