17:09, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов акциздик товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жоопкерчиликти күчөтүү максатында мыйзам долбоорунан 1 миллион сом айып салуу нормасы алынып салынганын билдирди.
Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунда акциздик маркасы жок же жасалма маркалар менен алкоголдук жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз жүгүртүүгө 1 миллион айып салуу сунушталган.
Бирок мыйзам долбоорунда ири мыйзам бузуулар үчүн жазаны катаалдаштыруу камтылган. Акциздик маркалары жок продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө жүгүртүүдө күнөөлүү адамдар 2 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган.