16:10, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 22,5 миллион доллар грант жана насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.
Ал Кыргыз Республикасы менен АӨБ ортосундагы «2025-2030-жылдарга көп тармактуу ишмердүүлүктү колдоо фонду» программасын каржылоо боюнча макулдашуунун долбоорун сунуштады. Бөлүнгөн акчанын суммасы 22,5 миллион долларды түзөт (анын 13,3 миллион доллары насыя, 9,2 миллион доллары грант).
Каражат климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө, экологияны башкаруу системасын жакшыртууга, шаарлардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жумшалышы пландалууда.