15:41, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Мектеп окуучулары жума намазга кетип, сабакка кайтпай жатышат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай көрүнүштөр аймактарда гана эмес, борбордо да катталууда.
«Ошол эле учурда балдар үчүн жоопкерчилик мугалимдерге жүктөлөт. Ошондуктан, мындай учурларда мугалимдер ата-энелерге, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна кабарлоону сунуштайм», — деди Дастан Бекешев.
Комитет жыйынында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына диний чөйрөдөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда талкууланып, кабыл алынды.