Кыргызстан энергетика тармагына 90 жыл. Президент тармакты өнүктүрүүгө токтолду

15:24, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Фото Президенттин басма сөз кызматы

Ал акыркы жылдары бийлик тарабынан тармакты өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп жатканын эске салды.

«Дээрлик отуз жылдын ичинде республикада жаңы ГЭСтер курулбай, энергетикалык жабдуулар жаңыланбай, күн жана шамал станцияларын мындай кой, курулганына 60 жылдан ашып, агрегаттарынын колдонуу мөөнөтү бүткөн «Токтогул» ГЭС каскады менен Бишкек ЖЭБин иштетип келгенбиз», — деди мамлекет башчысы.

Ал ушундай маалда алдыда биринчи кезекте энергетика чөйрөсүндө коррупция менен күрөшүү, өлкөнүн бардык энергия секторунун ишине калктын ишенимин жогорулатуу, бул тармакты тейлөөчү министрликтин, энергокомпаниялардын башкаруу системасын кайра өзгөртүү боюнча ары түйшүктүү, ары оор иш турганын айтып өттү.

Президенттин жарлыктарынын негизинде тармактагы реформалар, анын ичинде ГЭСтерди модернизациялоо жана реабилитациялоо жүрүп жатат, ошондой эле электр энергиясын эсепке алуунун заманбап технологиялары киргизилүүдө. Көп жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик энергетикалык компаниялардын насыялык карыздары жоюлуп, каржылык туруктуулугу күчөтүлүп жатат.

«Бала-Саруу» ГЭСин Кыргызстан өз күчү менен курду. Мындан сырткары, жаңы электр станциялары «Кайнама», «Көк-Арт», «Ысык-Ата-1», «Исфайрам» жана башка бир нече чакан ГЭСтер курулду. «Папан» жана «Орто-Токой» суу сактагычтарында да ГЭСтер салына баштады. Өлкөбүздүн булуң-бурчундагы калкыбызды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн биринчи жолу көп сандагы атайын техника сатылып алынган«. — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал энергетиктер кыштын катаал мезгилинде мурдагыдай болуп ат менен барып, убара болуп түйшүк тартпай, атайын техниканы колдонуп, электр тармактарындагы аварияларды ыкчам жоюуга жетишип калганын айтты. Жаңы көмөк чордондор жана жаңы имараттар курулуп, энергетиктерге шарт түзүлүп жатат. Баарыбыздын көңүл чордонубузда болуп келе жаткан Бишкек жылуулук электр борборундагы энергетикалык блокторун номиналдык кубаттулугуна жеткизүү үчүн мамлекеттик бюджеттен ири каражат бөлүнүп, капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Ал эми «Камбар-Ата-2» ГЭСинин эки гидроагрегатын ишке киргизүү жумуштары уланууда.

Президент жылдар бою электр зымы тартылбай келген Баткен облусунун алыскы тоо арасындагы Зардалыга, Нарын облусунун Ак-Көл жана Кең-Суу айылдарына да электр жарыгы жеткенин эске салды.

«Ошол эле маалда өлкөбүздүн энергетикалык инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында «CASA −1000» долбоорунун алкагында Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча көмөкчордондор жана линиялар курулуп бүттү. Ушу тапта «Тамга-Каракол» жана «Кемин-Торугарт» долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы кубаттуу көмөкчордондорду курууга даярдык иштери жүрүп жатат», — деп, мамлекет башчысы мындан тышкары республика боюнча күн жана шамалдан алынуучу жаңы электр станцияларынын курулушу башталып жатканын кошумчалады. Инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлдү. Анда преференциялар жана салыктык жеңилдиктер, ошондой эле каржылык кепилдик жана электр энергиясынын баасын чет өлкөлүк валютада аныктоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Садыр Жапаров өз сөзүндө «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кылым долбоору атанган «Камбар- Ата 1» ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү фазада турат. Буюрса, жайга чейин ГЭСтин дамбалык базасын жана башка инфратүзүмдүк объектилерди курууга киришебиз.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу — Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда «Камбар-Ата-1» ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат», — деди президент.

Ал улуу мүдөөлөрдү көздөө багытында жасалып жаткан иштер: түзүмдүк реформалар, курулуп жаткан чакан ГЭСтер, улуттук долбоорлор — энергетиктердин талыбаган аракети аркасында ишке ашып жаткандыгын баса белгилей кетти.

«Сиздер — Кыргызстан энергетикасынын жүрөгү, алдыңкы күчү жана негизги таянычысыңар. Сиздердин күнү-түнү тыным албаган мээнетиңиздер аркасында ар бир үйдө жарык, жылуулук, ал эми өлкөбүздө туруктуулук жана өсүп-өнүгүү болуп жатат! Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана кийинки муундарга татыктуу мурас калтырууга кошкон эбегейсиз салымыңыздар үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем!» — деди мамлекет башчысы.

Аягында президент Садыр Жапаров өлкөдөгү жаңы энергетикалык доор Кыргызстандын энергетика тармагын эле жандандырбастан, мамлекеттин экономикасын: өнөр жайды, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, жакынкы келечекте өлкөнүн бакубаттуулугун камсыз кылууга жол ачат деген бекем ишенимин билдирди.