Абдыкадыр Орозбековго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылды

13:10, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековго (каза болгондон кийин) ыйгарылды.

Бүгүн, 23-декабрда Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду.

Абдыкадыр Орозбеков - советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири. Ал 1925-жылы Кара-кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.