11:09, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкекте бүгүн, 23-декабрда эртең менен саат 9.00дөр чамасында унаа бир адамды койуп кеткен. Бул тууралуу 24.kg басылмасына окурман кабарлап, кырсык болгон жерден видео жөнөткөн.
Кадрларда Ала-Тоо аянтында жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн артында жеңил унаа жана тез жардам унаасы турганын көрүүгө болот.
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов 24.kg агенттигине билдиргендей, кырсыктан 30 жаштагы адам жабыркаган. Ал билеги сынып ооруканага жаткырылган.