21-декабрга карата аба ырайы

18:46, 20 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-декабрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10, күндүз −2...-7;

Талас жергесинде түнкүсүн −11...-16, күндүз −2...-7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз −1...+4;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −6...-11, күндүз −4...+1;

Нарын облусунда түнкүсүн −16...-21, күндүз −4...-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −20...-25, күндүз −7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн −5...-7°, күндүз −2...-4° болот.