USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кара-Кулжада 50 гектар жер мамлекетке кайтарылды

16:23, 20 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 50 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратура тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагындагы жалпы аянты 50 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси дыйкан чарбанын менчигине мыйзамсыз өткөнүн аныктаган. Райондук прокуратура тарабынан укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз берилип, ал тиешелүү сот актысы менен канааттандырылган.

Анын негизинде Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук чара көрүү актысы берилип, анын жыйынтыгы менен 25 млн 50 миң 750 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика