11:03, 20 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат, ага 698 делегат катышууда.
Маалым болгондой, алардын 539у эркектер, 161и аялдар. Эң улуусу 90 жашта. Ага президент Садыр Жапаровдун атынан белек тапшырылды.
Мындан тышкары делегаттардын арасында башка улуттардын өкүлдөрү — 61 адам бар. Алардын арасында азербайжан, корей, грек, немис, даргин, чех жана поляк бар.
Эскерте кетсек, форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекет башчынын администрациясы да чакырылган.
Президент Садыр Жапаров учурда сөз сүйлөп жатат.