17:47, 19 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жыл башынан бери 26 миңден ашык аялга төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып министрлер кабинетинин токтому менен тегиз жерлерде иштеген аялдарга 11-жумуш күнүнөн тартып жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлгөн.
Жөлөкпулдун өлчөмү 10дон 20 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйдү, бул 100 пайызга (1 миңден 2 миң сомго чейин) өсүүгө туура келет. Ошентип, жөлөкпулдун орточо өлчөмү жогорулаганга чейин 3600 сом болсо, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап 7500 сомду түздү.
2024-жылдын 1-декабрына карата бөлүм тарабынан 26 миң 498 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548,5 млн сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөндү.