17:21, 19 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага башкы көзөмөл органына караштуу Юридикалык академиянын ректорун дайындоо укугун берген мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бул адистештирилген мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюму Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы No 580 токтому менен түзүлгөн.
Жогорку окуу жайы прокуратура органдары үчүн кадрларды практикага басым жасоо менен окутуунун жаңы форматын колдонуу менен даярдайт.
Долбоор ошондой эле «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга академияда мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу үчүн Башкы прокуратурадан макулдук алуу талабын белгилөө үчүн түзөтүүлөрдү киргизет.