16:01, 19 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева кесиптештерине жилик чучугунун аутологиялык операциясы Кыргызстанда биринчи жолу жасалганын билдирди.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкология бөлүмүндө 15 жаштагы кызга операция жасалган. Операцияны Түркияда билим алган онкохирург Султан Стамбеков жасаган.
«Ал буга чейин Индияда жана Түркияда он миңдеген долларга операция жасаткан. Азыр алар муну ушул жерде жасашат. Дарыгерлер деле таң калышат. Сөөк чучугун алмаштыруу бөлүмүн ачып, медициналык туризмди өнүктүрүшүбүз керек», - дейт Камила Талиева.
Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги бул үчүн тиешелүү шарттарды түзүп бериши керектигин кошумчалады.