Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды

00:35, 19 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, ал буга чейин Акылбек Жапаровдун биринчи орун басары болуп иштеген.

Адылбек Касымалиев 1960-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган.

1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.

2015-2018-жылдары Кыргызстандын каржы министри болгон.

2021-2022-жылдары — Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары.

2022-жылдын июнь айында министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.