USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

ЖК депутаты жашы жете электерди иштеткен ишканалардын тизмесин түзүүнү суранды

15:26, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева жашы жете электерди жумушка алган ишканалардын тизмесин түзүүнү суранды.

Эмгек министрлигинин башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелова талкууланып жаткан Эмгек кодексинин долбоорунда 14 жана 15 жашка чыккан арыз берүүчү ата-энесинин биринин же камкорчусунун макулдугу менен эмгек келишимин түзө ала турганы жазылганын белгиледи.

«Азыр балдарды жумушка алып жатышканын баарыбыз көрүп жатабыз. Мындай иш берүүчүлөрдүн тизмесин түзүү зарыл. Бул эл аралык конвенцияларда көрсөтүлгөн. Бул норманы Эмгек кодексине киргизүүнү сурангандар көп болду», — дейт Эльвира Сурабалдиева.

Депутаттар Эмгек кодексинин долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика