15:09, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги абанын сапаты орточо деп эсептейт. Бул тууралуу аталган мекеменин Атмосфералык абаны коргоо башкармалыгынын башчысы Ташыбек уулу Нурсултан брифингде билдирди.
Ал быйылкы көрсөткүчкө 10дон 7 деген баа берди.
Аткаминердин айтымында, абанын сапатынын жакшырышына турак жайларды газдаштыруу, дизелдүү кичи автобустарды газ кыймылдаткычтарына алмаштыруу жана Бишкек санитардык түйүндөрүндөгү өрттү жоюу таасир эткен.
Ал белгилегендей, борбордо жана Чүй облусунда 30 миңден ашык үй газга кошулган. Аларды газдаштыруу 60 миң тонна көмүрдү чыгымдоону кыскартууга мүмкүндүк берди.
«Өткөн жылга салыштырмалуу абал жакшырып, социалдык тармактарда биздин маалыматтар көрсөтүлдү. Тигүү калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Гидрометеорологиялык кызматтын датчиктери бар, алар көзөмөлдөйт. Бизде акыркы жылдары абанын атмосферасынын абалы жакшырганы тууралуу маалымат бар», — деди Ташыбек уулу Нурсултан.