13:31, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Белгилүү кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова биринчи жолу жеке жашоосунун пардасын ачып, жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
«Бүгүн мен сиздер менен жашоомдун эң маанилүү бөлүгү менен бөлүшүүнү чечтим. Бул көпчүлүктү кызыктырган менин жолдошум тууралуу суроолор.
Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам», — деп жазган ал.
Спортчу ар бир кыз бакытка татыктуу экенин баса белгилеп, анын бактысы үй-бүлөсү экенин моюнга алды.