13:12, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мурдагы жетекчиси Акылбек Жапаровду эмне себептен кызматтан алганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, бул Салык кызматынын жетекчилигине жана кызматкерлерине козголгон кылмыш ишин кароодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо үчүн жасалган.
«Салык системасындагы терс көрүнүштөр бизди абдан капа кылды. Акциздик маркаларга байланыштуу алдамчылыктар белгилүү болду. Бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин карамагында болчу, ошого жараша мыйзамсыз аракеттерди токтотсо болмок. Кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинин айынан мен аны кызматтан алууга аргасыз болдум», — деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагалыгынан кеткен. Ал кызматта үч жыл эки ай иштеген.