Кыргызстандын жаңы министрлер кабинети парламентте ант берди

13:07, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин жаңы жетекчиси Адылбек Касымалиев жана анын командасы парламентте ант берди.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.

Буга чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди, анын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевди жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду дайындоого макулдук берген.

Интернеттен алынды. Адылбек Касымалиев
Интернеттен алынды. Данияр Амангелдиев
Интернеттен алынды. Бакыт Сыдыков

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагалыгынан кеткен. Ал кызматта үч жыл эки ай иштеген.