11:05, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
17-декабрда Будапештте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.