10:54, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди. Ал «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде катталган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-декабрдагы жыйынында ушул эле партиядан депутат Чынберди Төлөнов өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин, бош калган мандатты Жайлообай Нышановго берүү чечими кабыл алынган.
Эске сала кетсек, жасалма диплому аныкталгандан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болуп келген. Мындай чечимге экс-депутат сотко нааразы болуп, талабы канааттандырылган эмес.