13:30
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Кооз, жайлуу, таза. «Ысык-Ата» санаториясы оңдоп-түзөтүүдөн кийин ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Чүй районундагы «Ысык-Ата» санаториясын реконструкциялоодон кийин ачты.

Ал өлкөнүн шыпаалуу булактарынын арасында өзгөчө орунду ээлеп, мыктылардын бири катары татыктуу таанылган курорттун ачылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ысык-Ата» санаторийи Кыргызстанда гана эмес, бүт Борбор Азия чөлкөмүндө ысык булактары менен белгилүү. Бишкек шаарынан болгону 78 чакырым узактыкта жайгашкан санаторийдеги кайнар булактарга артрит, полиартрит, гинекологиялык оорулардан, нерв системасы жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан жабыркагандар байма-бай келишет.

Президент бул санаторий региондогу ден соолукту чыңдоочу эң илгерки жайлардын бири экенине токтолду.

Садыр Жапаров мына ушундай уникалдуу жердин потенциалы эл-журттун, мамлекеттин кызыкчылыгына толугу менен колдонулушу керектигин белгилеп өттү.

Президент Союз маалында курорт активдүү өнүгүп, негизги корпустар жана инфраструктуралык объекттер курулганын, бул анын аймактагы алдыңкы ден соолукту чыңдоо борбору катары калыптанышына өбөлгө түзгөнүн айтты. Эгемендикке ээ болгон мезгилде бул санаторий Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, олуттуу оңдоо-калыбына келтирүү иштерине көңүл бурулбай, дээрлик каралбай калгандыктан, 1930-1960-жылдар аралыгында курулган имараттар авариялык абалга келген. Ал тургай Бүткүл Союзга белгилүү болгон курорт талкаланып, тонолуп, жер тилкелери ар кандай жолдор менен менчиктештирилип кеткен. Тилекке каршы, мындай жагдай Профсоюздун карамагындагы бардык курорттордо орун алганын Мамлекет башчысы белгиледи.

Алгач эле санаторийдин карыздары: салыктык чегерүүлөр, социалдык фондго төгүмдөр, керектелген электр энергиясы үчүн төлөөлөр жана кызматкерлердин эмгек акысы боюнча жалпы суммасы 90 миллион сомдон ашык карыздар төлөнүп, жоюлду.

Президент санаторийдин ишмердигинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ачкыч карталары бар электрондук тейлөө тутуму киргизилгенин айтып берди. Мындан сырткары, каттоо кеңсеси, 4 ысык булак бассейни оңдолуп-түзөлүп, клиниканын капиталдык ремонту бүткөрүлдү, бир нече корпус реконструкцияланды, имараттарга жаңы эмеректер сатылып алынды. Ошондой эле футбол аянтчасы, балдар ойной турган заманбап аянтча, амфитеатр курулду.

«Кыргызстанда ички туризм тармагында бара турган, көрө турган мыкты жайларыбыз көп. Аларды өнүктүрүү үчүн потенциалыбыз да жетиштүү. Болгону иштин көзүн таап, туризм багытындагы болгон байлыгыбызды туура нукта иштетишибиз абзел», — деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Кызматкерлер Президентке курорттун масштабдуу өзгөрүшүнө жана ийгиликтүү реконструкциясы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле эмгек акы боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Буга жооп катары Мамлекет башчысы айлык акыны март айына 50 миң сомдон 70 миң сомго чейин көтөрүү пландалып жатканын айтып, бул эмгек шарттарын жана кызматкерлердин бакубаттуулугун жакшыртууга карай маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары кызматкерлер санаторийде жашап жана иштеп жаткан 500 үй-бүлөнүн балдары үчүн бала бакча куруу өтүнүчү менен кайрылышты. Президент демилгени колдоп, жеринде компетенттүү адамдарга долбоорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды, зарыл социалдык инфраструктураны түзүү курортту мындан ары модернизациялоодо артыкчылыктуу болоорун белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар