«Өлүк жандарды» жумушка алган. Кайыңдыда мектеп директору кармалды

12:27, 17 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кайыңды шаарында укук коргоо кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мектеп директорун кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Фото

Маалыматка ылайык, Кайыңды шаарындагы № 3 орто мектептин директору 33 жаштагы А.А. 2022-жылдын октябрынан 2024-жылдын октябрына чейин мектепке келбей, бирок эмгек акы алган беш адамды мыйзамсыз иштеткен. Ошентип мектеп директору мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козгошту. Мектеп директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.