Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн кыргызстандыктар көбөйдү

16:05, 16 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Акыркы эки айда Соцфондго дагы 55 миң адам кошумча төлөмдөрүн көбөйттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, бул камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлгөндөн кийин, ошондой эле Салык кызматынын кызматкерлери карызын төлөбөгөндөрдү көмүскөдөн алып чыккандан кийин болгон.

Бахтияр Алиев калктын айлык акысынын жогорулашына байланыштуу 2024-жылы Социалдык фондго көбүрөөк акча чогултулганын билдирди. Алсак, Социалдык фонддун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд 863 млн 864,7 миң сом суммасында кирешелердин негизинде түзүлдү, бул бекитилген бюджеттен 3 млрд 881 млн 409,8 миң сомго көп.