15:46, 16 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда автоунаа чыгаруу бир топ өстү. 2024-жылдын башынан бери өндүрүштүн жалпы көлөмү 2,17 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Бул өндүрүштүн көлөмү 1 миллиард 560 миллион сомго жеткен 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39 пайызга көп экендиги белгиленген.
Башкармалыктын маалыматы боюнча тармактын өсүшүнө негизинен автотранспорттордун өндүрүшү таасир эткен. Алардын көлөмү 2,06 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 41,8 пайызга өскөн.
Айыл чарба машиналарын, мотоциклдерди, велосипеддерди жана башка атайын автотранспортторду чыгаруу да өсүш көрсөттү. Быйылкы жылы өндүрүштүн көлөмү 111,7 миллион сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 4 пайызга көп болгон.
Эскерте кетсек, 18-июлда Чүй облусунун Москва районунда «Тулпар Моторс» ЖЧКсынын унаа жыйноочу заводунун расмий ишке киргизүү аземи болуп өткөн.