Кара-Суу районунда 120 миллион сомдук жер кайтарылды

13:44, 16 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда 120 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ынтымак айыл аймагында жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилди. Жыйынтыгында сот жеке жактарга жалпы аянты 3,18 гектар жерди сатуу боюнча бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу боюнча талаптарды толугу менен канааттандырды», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң райондук прокуратура тарабынан Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын башчысына прокурордук жооп актысы келтирилген. Жыйынтыгында жалпы аянты 3,18 гектар жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.